Айдаркендеги мугалимдер көп тилдүү билим берүүнү талкуулашты
Билим АКИpress - Айдаркен шаарынын №20 Орозбай Маканов атындагы орто мектебинде 11-октябрда «Көп тилдүү билим берүү» долбоору боюнча райондук семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Семинарда кош тилдүүлүк (орус-кыргыз) боюнча ачык сабактар, класстан тышкаркы иш-чаралар болуп, мектептин куурчак театры даярдаган «Колосок» жомогу көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата тилди даңазалаган ыр саптары көркөм окулду.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×