Нарындагы С.Мамбетов мектебинин директору болуп Байыш Касымалиев дайындалды (сүрөт)

Билим АКИpress - Касымалиев Байыш Адикинович Нарын районуна караштуу Шоро айылындагы Садыкказы Мамбетов атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Кожоканов аймактык кабарчыга билдирди.

Б.Касымалиев 1969-жылы Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айылында төрөлгөн. 1986-жылы Нарын шаарындагы №88 кесиптик-техникалык окуу жайын аяктаган. 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-1992-жылдары Токмоктогу индустриалдык-педагогикалык техникумда билим алды.

Эмгек жолун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинде сүрөт жана чийүү сабагынан мугалим болуу менен баштаган. 2012-жылы Нарын мамлекеттик университетинен жогорку билимге ээ болгон. Андан соң аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Буга чейин кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up