Нарындагы окуучулар аскерлердин күнүмдүк жашоосу менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы 2025-аскер бөлүгүндө Нарын районундагы окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чараны Нарын шаардык бириктирилген аскер комиссариаты уюштурган.

Окуучулар аскерлердин күнүмдүк жашоосу менен таанышып, аткарып жаткан кызматтарына күбө болушту. Ошондой эле аскердик куралдар менен таанышып чыгышты. Өзгөчө, аларды өз милдетин өтөп жаткан аскерлердин көнүгүүлөрдү аткарышы кызыктырды. Андан соң аскер ардагерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, ардагерлер өздөрүнүн баштарынан өткөргөн окуялар туурасында кызыктуу аңгеме куруп беришти. Алар Ата Мекенди коргоого үндөгөн акыл-насааттарын айтышып, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Жолугушууга райондогу мектептерден 100гө чукул окуучу катышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up