Жол кыймылынын кыргызстандык жаш тескөөчүлөрү Россиядагы эл аралык слетко катышат

Билим АКИpress - Кыргызстандын жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү командасы IX жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын мамлекеттер аралык слетуна катышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жылы Кыргызстандын намысын Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №49 мектептин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отряды коргомокчу.

Балдар 1 жыл бою ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тескөөчүлөрүнө өлкөнүн жолдору менен көчөлөрүндө балдардын коопсуз жүрүм-турумун жана балдардын жаракат алуусун алдын алууну пропагандалоого жардам беришип, жигердүү иш алып барышты.

«Эми балдардын алдында мындан дагы жоопкерчиликтүү жана татаал тапшырма турат — ал Кыргызстанды мамлекеттер аралык слетто татыктуу көрсөтүү», - деп белгилешти ЖКККББдан.

«Түнкү кайгуул» жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын жетекчиси, милициянын подполковниги Тилек Оторовдун айтымында, отряддын жаш тескөөчүлөрү Россиянын Анапа шаарына кетишти. «Жаш тескөөчүлөрдүн жаңы формасы, белгилери, кокард менен шефрондору — бардыгы балдар үчүн өзгөчө сыймыктануунун предметтери», - деди ал.

Балдарды ИИМдин ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов узатып, алардын иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, мелдеште ийгиликтерди каалады.

Маалымдама: 1973-жылы СССРдин ИИМдин МАИ башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бардык союздук ленин коммунисттик жаштардын союзунун Борбордук комитетинин катчылыгынын, СССРдин ИИМдин коллегиясынын жана СССРдин Билим берүү министрлигинин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүн түзүү жөнүндө бирдиктүү токтому кабыл алынган. Ошол жылдын аягында 14 миңдей отряд түзүлүп, союздук республикаларда 11 жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн слеттору өткөрүлгөн.

Биринчи жалпы союздук жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү слету 1975-жылы «Орленок» жалпы союздук лагеринде өткөн. Ага 72 отряд катышкан. 1985-жылы жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отряды тууралуу жаңы жобо иштелип чыккан.

1982-жылы 2-жалпы союздук жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү отрядынын слету Кыргыз ССРдин Фрунзе шаарында өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күнү өлкөдө 600дөн ашык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряды бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up