Балдарды жомок дүйнөсүнө жетелеген Дана Шерри ОГПИде болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы англис тилин үйрөнүп жаткан окуучулар менен студенттер үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чаранын башкы коногу «Жомоктор кербенинин» көркөм жетекчиси, «Жибек Жолу» баяндама программасынын башчысы, Стэндфорд жана Калифорния университетинин окутуучусу Дана Шерри болду. Иш-чарага мектеп окуучулары, студенттер, ата-энелер жана окуу жайдын жетекчилиги катышты.

Семинардын жүрүшүндө лектор өзүн тааныштырып, залда отурган катышуучуларга эл жомоктору жана алардын күнүмдүк турмуштагы мааниси туурасында кенен баяндама жасады. Ал ортодо жаш жеткинчектер үчүн кыргыз эл жомокторун айтып берип, бир топ кызыкка толгон оюндарды ойнотуу менен алардын элдик жомокторду жакшы кабыл алганына жана англис тилин мыкты өздөштүрүп жатканына күбө болду.

Д.Шерри буга чейин Казакстандын жана Бишкектин бир топ жогорку окуу жайларында жолугушуу өткөрүп келген. Анын кийинки иш сапары Оштогу билим берүү мекемелеринде уланмакчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up