Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору КМУда лекция окуду

Билим АКИpress - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде 19-октябрь күнү Казакстандын Нурсултан Назарбаев атындагы университетинин профессору Дүйшөн Шаматов профессордук-окутуучулар курамы үчүн «Педагогикадагы илимий изилдөө усулдары» деген темада лекция окуду. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарада бүгүнкү билим берүүдөгү реформалар, педагогдун иш алып баруусу, аброю, педагогдордун өз ара кызматташуусу, окутуудагы так жана пайдалуу максат коюунун мааниси, сабакка катышуунун пайдасы жана моделдери, эл аралык ПИЗА сынагы жана Кыргызстан (Proqremme for intermational Student Assessment – окуучулардын билимин баалоо боюнча эл аралык программа), билим берүүдөгү жана аны жарыялоодогу эл аралык стандарттар тууралуу маселелер козголду.

Лекция профессордук-окутуучулар арасында талкууну пайда кылып, кызыктуу пикирлер менен аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up