Чүйдөгү Стрельникова мектебинде рэкетчиликти алдын алууну талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүйдөгү Стрельникова атындагы мектепте 16-октябрь күнү «Билим алуунун негизги душманы — мектеп рэкетчилиги» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Иш-чара өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу максатында 8-9-11-класстардын окуучуларынын катышуусунда уюштурулган.

Тегерек столго Арашан айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы С.Берикбаев, айылдык кеңештин депутаты А.Коёнбаев, өспүрүмдөр менен иштеген инспектор, милициянын майору У.Балкабаев, №72809 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы боюнча башчысы Ж.Түлкүбаев, студенттер, окуучулар, ата-энелер, мектептин социалдык педагогу катышты.

Мектептин соцпедагогу Асланбек кызы Кенжегүл азыркы учурдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болгон өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана «Рэкет» деген сөздүн маанисин чечмелеп, рэкетчиликке кабылган балдардын кээ бир мүнөздүү белгилери жөнүндө кыскача маалымат менен баштап берди.

Мектепте балдар арасында рэкетчиликтин алдын алуу максатындагы «Аргасыздан тандалган жол» аттуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан кийин окуучулар менен талкуу жүрүп, үстөмдүк кылууну кантип токтотсо болот деген темада өз ойлорун айтышты. Ошондой эле балдар арасында рэкетчилик боюнча жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, сурамжылоо боюнча кеңири талкуу болду. Келген коноктор балдарга өз ойлорун, акыл-насааттарын айтып, пикир алмашышты.

Иш-чаранын соңунда атактуу инсандардын патриоттук ыры менен коштолгон слайд көргөзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up