Баетов айылындагы мектептин окуучулары эстафетада жарышты

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы мектепте окуучулар арасында зордук-зомбулукту болтурбоо максатында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын лейтенанты Элисбек уулу Эрнис тарабынан окуучулар арасында кылмыш-кырсыктардын алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, сергек жашоого үндөө, ден соолукту чыңдоо жана окуучулар арасында ынтымакты бекемдөө максатында мелдеш уюштурулган. Анын соңунда жеңүүчү аталган окуучуларга уюштуруучулар тарабынан диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up