Мугалимдер.kg. Сокулуктагы мыкты бала бакчанын башчысы А.Бирназарова: Баланын жан дүйнөсүнө кирүү, анын дүйнө таанымын ойготуу — башкы милдет

Айгүл Бирназарова
Айгүл Бирназарова

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү тармагындагы инновациялык педагогикалык табылгаларды колдонуп, окутуунун жаңы технологиялары менен усулдук чеберчиликтерин өркүндөтүп жаткан алдыңкы билим берүү кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү каарманыбыз — Чүй облусунун Сокулук районундагы «Ак-Барчын» бала бакчасынын башчысы Айгүл Бирназарова. Ал мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги актуалдуу маселелер жөнүндө ой бөлүшөт.

«Ак-Барчындын» тарыхы жана материалдык-техникалык база

«2017-жылдын мыкты бала бакчасы» аталган «Ак-Барчын» бала бакчасы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ат-Башы айыл аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан. Бакча 2017-жылы ачылган. Учурда 267 бала тарбияланат. Анда балдар үчүн уктоочу, ойноочу, тамактануучу, эс алуучу жайлар заманбап жасалгаланып, толук шарттар түзүлгөн. Түстүү сыналгы, компьютер, проектор, ноутбук, түстүү принтер, интерактивдүү такта, интернет менен камсыз болду. Алардын иштөө механизмдерин тарбиячылар атайын окуу-семинарлардан, курстардан өздөштүрүшкөн. Өзгөчө демөөрчүлөр тартуулаган интерактивдүү такта Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылындагы иштиктүү аракеттерди жүргүзүүдө салым кошууда. Сырттагы спорттук жабдуулар менен камсыздалган аянтчабыз балдардын ден соолугун чыңдоого, оюн аркылуу жетилтүүгө зор салымын кошууда.

Бакчабыздын тарыхы да кызыктуу. Ал Советтер союзу учурунда иштеп, кийин менчиктештирилген. Кайрадан айыл өкмөтүнүн карамагына өтүп, 2017-жылы пайдаланууга берилди. Менчиктештирүүгө өткөн имараттардын абалы кандай болуп кеткени белгилүү. Эшик-терезелери жок, дубалдары көчө баштаганда айыл өкмөтү биз менен бирге оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Буюрса, өз бутуна туруп, кыска убакыттын ичинде алдыңкы бала бакчанын катарына кошулдук.

Биздин айыл — Ак-Жол. Ошого үндөшкөн бакчабыз «Ак-Барчын» деп аталды. Элибиздин салттуу педагогикалык дүйнө таанымында адеп сөздөрү кеңири колдонулат. Мисалы, «ак» деген сөз — жакшылыктын символу. Калк арасында ак жол, ак жүрөк, ак жолтой, ак көңүл, акка баш ийүү сыяктуу ыйман-адепке чакырык таштаган сөздөр ондоп саналат. Биз да ак менен барчын деген сөздөрдүн айкашынан бакчабызды «Ак-Барчын» деп атап алганбыз. Барчын бүркүттүн баласы экендиги жалпыга маалым. Кош канатын ак жолдо серпкен бакчабыздан дени сак балдар тарбияланып, билимдердин алгачкы уузун татышат.

Санариптештирүү — балдардын дүйнө таанымын арттырат

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өлкөбүздүн бардык тармагында иш мерчемдер түзүлүп, аракеттер көрүлүүдө. Санариптик технологияларды колдонуу билим берүү тармагында өзгөчө мааниге ээ. Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун эли менен жолугушуусунда: «Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин
жарандар үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Санарип технологиялары жашоонун бардык тармактарына кирет. Ал эми билим берүү тармагында санариптик инфраструктура артыкчылыктуу багытта киргизилет», - деп айткан. Демек, билим берүүнүн башаты болгон бала бакчаларда бул багытта иш жүргүзүү турмуштук зарылчылыкка айланды. Себеби белгилүү педагог-психологдор белгилегендей, бала 6 жашка чейин негизги ишмердүүлүгү болгон оюн аркылуу эң көп сөз курамын топтойт. Ошону менен дүйнө таануу, билим мунарасынын алгачкы пайдубалы түптөлөт. Мындай адам өмүрүндөгү балалык доор жаңы технологияларды колдонуунун ачкычы болуп калат. Биздин бакча интернетке туташтырылып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен интерактивдүү такта алдык. Бул биздеги санариптик технологияларды колдонууга кеңири жол ачты.

Бакчадагы тарбиячынын абалы балага үстүртөдөн эмес, аны менен бирге болууга шартталган. Демек, балдар дүйнөсүнө сүңгүп кирүү, бала менен бала болуу, анын ички сезимдери менен жуурулушуу керек.

Интерактивдүү доскада балдар жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнө саякат жасап, кызыктуу мультфильмдерди көрүшөт. Музыка угуп, кошо ырдашат, бийлешет. Бул балдар менен иштөөнүн механизмдерин жеңилдетет. Бирок тарбиячыларды бир топ изденүүгө чакырат. Түстүү сыналгылардан да ар бир тайпа жаш өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү маалыматтарды алышат.

Келечектеги электрондук кезек, онлайн режими билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту өркүндөтүүгө, өлкөбүздүн заманбап санариптик платформасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

«Менин педагогикалык философиям»

Баланын жан дүйнөсүнө кирүү, анын дүйнө таанымын, сезимдерин, ой жүгүртүүсүн ойготуу — мугалимдердин, тарбиячылардын эң башкы милдети. Балага өз түшүнүгүнө, жаш өзгөчөлүгүнө жараша аңдоо салуу керек. Коомчулук, ата-эне, бала бакча, мектеп байланыштары бир багыттагы максатты карай кадам таштаганда тарбия менен билим берүүнүн эшиги ачылат. Ар бир бала — сырдуу дүйнө. Андагы күч баарынан жогору. Ошол күчтүн багытын аныктоо андан да жогору. Ал үчүн кесипкөй адис ошол дүйнөгө саякатташ керек. Ошондуктан мугалим — адамдын жан дүйнөсүнүн инженери делет. Мен ошол ойду туу туткан педагогикалык философияда өз бакчамда иштеп, жашап келем.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up