Ош гуманитардык-педагогикалык институту мугалимдерди сынак менен жумушка алып жатат
Билим АКИpress - Жаңы окуу жылынан тарта Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эмгек жолун баштаган кадрларды тандоо жүргүзүлүп, атайын жарыяланган сынактын негизинде кабыл алынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Шартка ылайык, окутуучу өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын, билимин, мугалимдик тактикасын жана чеберчилигин аныктоо максатында студенттерге сабак өттү. Сабакка окуу жай жетекчилиги, окуу бөлүм башчылары жана предметтик мугалимдер катышып, белгиленген талаптарга жооп берүүсүн көзөмөлдөө менен аларга ар тараптуу анализ берилүүдө.
Учурда институттагы бардык бош орундарга сынактын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө ээ болгон окутуучулар кабыл алынып, өз ишмердүүлүгүн баштады.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×