Кара-Сууда окуучуларга кыздардын коомдогу орду тууралуу айтылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу шаарында 11-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк кыздар күнүнө карата «Жаштарга жана балдарга ыңгайлуу шаар» долбоорунун алкагында иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада Кыздар күнүнүн тарыхы, кыздардын коомдогу орду тууралуу айтылып, чыгаан аялдар боюнча видеобаяндар көрсөтүлдү. Ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга «Жаштарга жана балдарга ыңгайлуу шаар» долбоорунун алкагында Консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча психологдор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up