Нарында студенттер ала качуунун курмандыгы болгондордун тагдырын​ талкуулашты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын мамлекеттик университетинин студенттери 10-октябрда кыз ала качуунун курмандыгына айланган каармандарды талкуулап, ала качууну алдын алуу боюнча ой жүгүртүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, НМУда студенттердин катышуусунда «Күз — тойдун жана ала качуунун мезгили» аталышында семинар өтүп, анда Нарын облусундагы акыйкатчынын өкүлчүлүгү​ жана «Бакубат» бейөкмөт уюму биргеликте студенттер менен кыз ала качуу маселесин талкуулашты.

Иш-чарада ала качуу темасына арналган слайд-шоу көргөзүлүп, студенттер кыз ала качуунун курмандыгына айланган каармандардын тагдырын талкуулашты.

Уюштуруучу Турганбүбү Орунбаеванын айтымында, эми мындай семинар Нарын медициналык окуу жайынын, №87 кесиптик лицейинин, педагогикалык окуу жайдын студенттери арасында жана Ат-Башы районунда өткөрүлөт.

Т.Орунбаева кыз ала качуу боюнча 10 долбоорду ишке ашырып, кыска метраждуу тасмаларды тартып келүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up