Кыргызстандык мугалимдер медиа сабаттуулук боюнча Германиянын тажрыйбасын алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргызстандын билим берүү кызматкерлери Германия өлкөсүндөгү медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып келишти. Бул тууралуу аталган иш сапардын катышуучусу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасынын алкагында кыргызстандык мугалимдер Германиянын Берлин, Лейпциг шаарларында медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча семинарларга катышып, аталган өлкөнүн бул жаатта жүргүзгөн ишмердүүлүгү менен таанышты.

Т.Досмуратовдун айтымында, Кыргызстандан барган 14 өкүлгө «Немис толкунунун» Академиясы (DW Akademie), Саксониядагы медиа борбор (SAEK Leipzig), Юнирадио Лейпциг, Алекс жамааттык радиосу өңдүү бир катар мекемелер өз иш тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан тышкары мугалимдер Германиянын коммуникация музейи баш болгон бир катар тарыхый жайларды көрүп чыгышты.

Кыргызстанда медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жараяны 2012-жылы башталып, бул багыт боюнча Кыргыз билим берүү академиясы жана «ММК колдоо борбору» фонду иштеп келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up