Кочкордо Т.Усубалиевдин өмүр таржымалы боюнча сценка коюу сынагынын 1-туру жыйынтыкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкордо мектеп мугалимдери арасында мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалы боюнча сценка коюу боюнча сынактын 1-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

Сынакка Кочкор районундагы 26 мектептин мугалимдери катышты. Жыйынтыгында Н.Жүндүбаева, К.Темиров, Орто-Башы, Т.Курткаев жана Ак-Жар орто мектептеринин жамааты финалга жолдомо алышты. Сынактын финалы 30-октябрь күнү өтөт.

Иш-чара «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмеси жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up