Ат-Башынын окуучулары футбол боюнча облустук мелдештин жеңүүчүсү болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда өспурүмдөр арасында футбол боюнча облустук мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдешке облус аймагынан келген 7 курама команда катышты.

Ат-башылык өспүрүмдөр атаандаштарына салыштырмалуу көп упай топтоого жетишкен. Жыйынтыгында калыстар аларды жеңүүчү деп таап, кубок, медаль, диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

Команданын оюнчулары Бексултан Сулайманов, Рахатбек уулу Алимардан «Мыкты оюнчу» деп табылса, Шагат Абдыков «Мыкты машыктыруучу» аталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up