КМУда факультеттер аралык спартакиада өтүп жатат (сүрөт)

Билим АКИpress - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 21-октябрда 1-курстун студенттеринин ортосунда факультеттер аралык спартакиада башталды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Спорттук иш-чара 8-ноябрга чейин уланмакчы. Таймашка окуу жайдын бардык факультеттеринин командалары катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты — жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага окуу жайдын курама командасын тандоо.

Спартакиада спорттун улуттук жана классикалык түрлөрү боюнча өтүүдө. Ар бир спорттун түрү боюнча мыкты спортчу аталган студенттер күч сынашат. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командаларга университеттин жетекчилиги тарабынан белектер, спорттук кийимдер, дипломдор ыйгарылмакчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up