Кадамжайда «Өмүрү өрнөк инсан» семинары өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кадамжай районунун Халмион айыл аймагына караштуу М.Юсупов атындагы Жошук орто мектебинде «Өмүрү өрнөк инсан» деп аталган райондук семинар болуп өттү.

Иш-чарага райондогу 74 мектептин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана окуучулар катышты.

Семинардын алкагында класстан тышкаркы иш-чаралар, «Өрнөктүү өмүр» деген темада тегерек стол уюштурулду.

Семинардын максаты — улуу инсандардын өрнөктүү өмүрү, алардын мамлекет үчүн аткарган иштери, турмуштагы баалуулуктары жөнүндө маалымат берүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up