№2 Лебединовка мектеп-гимназиясында эрте турмуш куруу жана кош бойлуулук тууралуу маалымат берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - 24-октябрда Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясында эрте турмуш куруу боюнча иш-чара өткөрʏлдʏ. Бул тууралуу аталган мектеп-гимназиядан билдиришти.

Иш-чарага 7-11-класстардын окуучулары, мектеп-гимназиянын директору Асылкан Өмүрова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Венера Туралиева, соцпедагог Алмаш Ормотоева, милициянын жаш жардамчылары, Чʏй облусунун ʏй-бʏлөлʏк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин жетекчиси Асел Айтикеева, Аламʏдʏн районунун ʏй-бүлөнʏ колдоо жана балдарды коргоо бөлʏмʏнʏн жетектөөчү адиси Жапар кызы Гʏлмира катышкан. .

Иш-чаранын жʏрʏшʏндө мектептин соцпедагогу А.Ормотоева окуучуларга «Ɵспʏрʏм кыздардын укугун коргойбуз, эрте никеге жол бербейбиз» деген темадагы видеотасма көрсөттү. Чʏйдүн ʏй-бʏлөлʏк дарыгерлер борборунун кызматкери А.Айтикеева «Өспʏрʏм курактын бойго жетʏʏсʏ жана эрте кош бойлуулук» деген темада лекция окуду. Үй-бүлөнʏ колдоо жана балдарды коргоо бөлʏмʏнʏн жетектөөчү адиси Жапар кызы Гʏлмира эрте никенин алдын алуу боюнча Жазык кодексинин ченемдерин айтты.

Ал эми 9-класстын окуучулары ала качуу жана эрте кош бойлуулук тууралуу сценка коюп беришти.

Жыйынтыгында милициянын жаш жардамчылары «Эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча КРнын Жазык кодексинин ченемдери» деген темада презентация жасашты.

Иш-чаранын максаты — өспʏрʏм кыздарга эрте турмуш куруу жөнʏндө тʏшʏнʏк берʏʏ жана эрте кош бойлуулуктун алдын алуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up