Алтын күз: Аламүдүн районунун бала бакчаларындагы кол эмгек көргөзмөсү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы бала бакчаларда «Алтын күз» майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Жыл сайын күз мезгилинде бала бакчанын тарбиялануучулары өз колу менен күз мезгилин чагылдырган кол эмгектерин жасап келип, көргөзмө уюштурушат. Ошондой эле бул майрам тарбиячылар тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолот. Иш-чарага ата-энелер көрүүчү катары чакырылат», - деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн районунда 34 бала бакча бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up