Чүйдөгү мугалимдер билим берүүнүн жаңы технологияларын талкуулашты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Жумагулов атындагы орто мектебинде «Предметтерди окутууда заманбап усулдарды колдонуу ыкмалары» деген темада облустук семинар болуп өттү.

Иш-чара мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлдү. Ага облустук усулдук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондордун окуу усулдук бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, «2019-жылдын мыкты мугалими» сынагынын облустук турунун катышуучулары жана чыгармачыл мугалимдер катышты. Анда окуу-тарбиялоо жараянында заманбап усулдук ыкмаларды колдонуу менен көргөзмөлүү ачык сабактар өтүлдү. Мамлекеттик стандартта билим-тарбия берүү дүйнөсүнө окутуунун жаңы технологияларын киргизүү, сиңирүү, натыйжа алуу жолдору талкууланды. Семинардын соңунда катышуучулар Каптал-Арык айылында жайгашкан залкар акын Алыкул Осмоновдун музейине саякат жасашты.

Семинардагы тажрыйба алмашуулар, баарлашуулар тууралуу катышуучулардын ой-пикири:

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директору Райымбек Султанов:

«Билим берүү тармагында коомчулуктун көйгөйүнө айланган олуттуу маселелердин бири — тарбиялоо жараяны. Ар бир сабакта, класстан жана мектептен тышкаркы иш-чараларда коюлган максаттардын негизги өзөгүн тарбиянын жеткиликтүүлүгү ачыктап туруусу шарт. Ырас, билим менен тарбияны бөлүп кароого болбойт. Алар куштун кош канатындай. Билим берүү менен тарбиялоо, тарбия берүү менен билим берүү процедуралары айкалышып туруусу керек. Ооба, сөз козголуп жаткан семинардын туткан максаттарынын бири да ушул. Бул күнкү семинарда К.Жумагулов атындагы орто мектебинин чыгармачыл мугалимдеринин сабактарын көрдүк. Элеттик мугалимдердин окутуунун жаңы технологияларын колдонуп, санариптештирүүгө багыт алганы мезгил үнүнө үндөшүп турат. Азыр ар бир аймакта күн санап жаңылануу, көз караштардын бир аянтчага топтолуусу байкалууда. Биз да көч башы болгон ушул семинарды жаңы түс берүү менен улап кетишибиз керек. Сабак менен эле чектелбестен, окуу-тарбиялоонун активдүү түрдүү формаларын колдонолу. Ушундай демилгени көтөрүп, мамлекеттик тилибиздин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чараны уюштурган Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине чыгармачылык ийгилик каалайм».

Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыяр Ашыкеев:

«Семинарды өткөрүү күн тартибиндеги маселелердин бири эле. Бирок кантип, кандай формада өткөрүү керектиги, анын натыйжалуулугу жөнүндө пикир алмашуулар болду. Районубуздагы эң мыкты мектептердин бири Тельман айылындагы К.Жумагулов атындагы орто мектептин базасында өткөрүүнү туура таптык. Себеби 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы. Билимдүү өлкө гана өнүгө алат эмеспи. Мындай өңүттөн алып караганда, аалам башаты — айылдагы билим берүүнүн шарттары, мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин көргөзүү, усулдук ыкмалар жаатында кызматташуу эле.

Ырас, сабактар, класстан тышкаркы иш-чаралар өтүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулканасы бир топ өзгөчөлөнгөн иш-чараларды өткөрүп келет. Облус аймагынан келген мугалимдер тоо боорунда жайгашкан мектебибизге келип, аны менен таанышып турганына сыймыктанам. Өзгөчө, залкар акыныбыз А.Осмоновдун музейине болгон саякатта акындын белгилүү-белгисиз, тааныш-бейтааныш жагдайларын сүрөттөр аркылуу суктана карашканы дагы бир жолу мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын алкагында акынга болгон атуулдук таазим катары кабылдадым».

«Билим берүү тармагында жаңы идеялар анын жемиштүү илгерилешинин локомотиви. Ар бир райондун педагогикалык усулдук идеялары аймак өзгөчөлүгүн эске алуу менен борборлошуп туруусу зарыл. Саамалыкка айланган семинарды улантууда түрдүү формада өткөрүүнү пландаштыралы. Кайталанма көнүмүш жагдайлар иш-чаралардын маанилүүлүгүн акырындап жоготот. Ошондуктан сабак өтүүнүн активдүү формаларын колдонуу менен жаңы табылгаларга умтулалы. Мына, бүгүнкү семинарда облустун 2019-жылдагы мыкты мугалими Баяз Төлөгөнов семинар-тренинг өттү. Биз кубануу менен кабыл алдык. Себеби ал өзүнүн чыныгы облустук сынакта жеңүүчү экенин дагы бир жолу тастыктады. Экинчиден, ошол сынакка катышкан мугалимдер усулдук бөлүмдөрдүн башчылары, мектеп директорлору, алдыңкы мугалимдер менен биргеликте келип отурушат. Бир жагы жолугушуу, баарлашуу, тажрыйба алмашуу семинардын мазмундуулугун байытты», - дейт билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын бири.

Сокулук районундагы №2 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, облустук «Жыл мугалими-2019» сынагында «Эң мыкты сабак» номинациясынын жеңүүчүсү Элиза Каратаева:

«Албетте, облустук сынакта жаш мугалимдер басымдуулук кылды. Биз жашпыз, бирок улуу муундагы алдыңкы мугалимдерден алган тажрыйба — бизге табылгыс педагогикалык поэма. Сабак өтүп жатсак да алардын кеп-кеңештери кулагыбызга жаңырып турат, жан дүйнөбүзгө усулдук идеяларды тартуулап келет. Ар бир мугалим өзүнчө чыгарма. Кеп ошону окуп, өздөштүрө билүүдө. Семинардан көп жаңылык алдым. Тоо боорундагы мектепте тоодой эмгек бар экен. Мектеп жетекчилигине, мугалимдерине ыраазычылык билдирем. Биз борбордон эле эмес, элеттик мугалимдерден да көп нерселерди алышыбыз керек экен. А.Осмоновдун музейинен сабагыма керектүү көп материал да топтоп алдым».

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up