Нарындагы Т.Сатылганов мектебинин директору болуп Гүлбүбү Келдибекова дайындалды

Гүлбүбү Келдибекова
Гүлбүбү Келдибекова

Билим АКИpress - Нарын шаарынын Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин директору болуп Гүлбүбү Келдибекова дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Г.Келдибекова 1967-жылы Нарын районундагы Ак-Кудук айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Нарын педагогикалык окуу жайынан билим алган. 1987-жылы Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылындагы мектепте мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. Ал жакта 2 жыл иштеген соң Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп кирип, 25 жыл эмгектенген. Ошол эле убакта Нарын мамлекеттик университетинде лекция окучу.

2018-жылы Нарын мамлекеттик университетинен башталгыч класстарда билим берүү боюнча жогорку билимге ээ болгон. 2019-жылы сентябрь айында Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине директор болуп дайындалган.

Г.Келдибекова үй-бүлөлүү, 3 баласы жана 2 небереси бар. Ал – «Эл агартуунун отличниги» наамынын ээси жана Нарын облустук аялдар кеңешинин мүчөсү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up