Ат-Башыдагы 21 мектептин окуучулары «Манас таануу» сынагында ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунда окуучулар арасында «Манас таануу» кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакты Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөнаалы атындагы орто мектеби уюштурган. Ага райондогу 21 мектептин окуучулары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Нааматбек Үсөнаалы атындагы орто мектебинин окуучулары, 2-орунду Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылышты. Алар облустук «Манас таануу» сынагына катышууга жолдомо алышты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбеков, «Саякбай Манасчы» эл аралык фондунун жетекчиси Саматбек Ибраев, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев жана анын орун басары Ажар Дүйшөналиева күбө болушкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up