Мугалимдер.kg: Панфиловдогу жаш бала бакчанын башчысы Ч.Сатарова мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу (видео, сүрөт)

Чолпон Сатарова
Чолпон Сатарова

Билим Акипресс басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү тармагында жаралып жаткан инновациялык табылгалар, окуу-тарбиялоо процессинде жаңы технологияларды колдонууда билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин алгылыктуу иштери жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы «Куш Канат» бала бакчасынын башчысы Чолпон Сатарова. Ал мектепке чейинки мекемелерде балдарды тарбиялоонун актуалдуу маселелери, этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөрдү балдар дүйнөсүнө уялатуунун усулдук чеберчиликтери жөнүндө ой бөлүшөт.

«Жакшы шарт жаңы идеяны жаратат»

Кайыңды шаарындагы «Куш Канат» бала бакчасы 2018-жылдын 12-сентябрында ачылган. Анын тагдыры көпчүлүк билим берүү мекемелеринин тарыхына үндөшүп келет. Тактап айтканда, кадимкидей өз нугунда иштеп келген бакча союз тараганда өз жашоосун токтоткон. Арадан бир топ жыл өткөн соң шаардык мэриянын түздөн-түз колдоосу, каржылоосу менен кайрадан өз бутуна турган. Кош кабаттуу имаратта толук кандуу оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө балдардын 180 орундуу сүйүктүү мекемесине айланды. Учурда курамы көп улуттан турган 174 бала 6 тайпада кыргыз жана орус тилдеринде тарбияланат. Айланасы ак кайың, арча, кооз гүлдөр менен курчалган билим уясынын материалдык-техникалык базасы мезгил талабына төп келет. Анда балдардын эс алуучу, ойноочу, тамактануучу, уктоочу жайлары тиешелүү заманбап эмеректер менен жабдылган. Ал эми музыкалык жана ден соолукту чыңдоочу бөлмө балдардын жан дүйнөсүн көркөм өнөргө багыттоонун борборуна айланган. Таттуу тамак тартуулоодо, медициналык камкордуктарды көрүүдө кесипкөй адистер ар бир балага педагогикалык-психологиялык байкоо жүргүзүү менен иш ыргагын арттырып келишет.

Бакча сыртындагы эс алууга, ойноого шартталган атайын каражаттар оюн аркылуу тарбия берүүнүн булагы экенин ачыктайт. Бакчадагы «Жаратылыш» бурчунда атайын капаска салынган тоту куштун түрдүү кыймылы, бөдөнөнүн сайраганы, аквариумдагы тирүү балыктардын сүзгөнү өзгөчө көңүл бурдурат. Ал эми «Кыргыз жери» бурчу улуттук баалуулуктар менен шөкөттөлгөн. Кыргыз жергесинин 7 керемети чагылдырылып, балдардын дүйнө таанымын арттырууга негиз түзгөн.

Тарбиячылардын усулдук чеберчилигинин аянтчасына айланган усулдук бөлмө чыныгы кесиптик баарлашуунун борборун түздү. Аны тажрыйбалуу усулчу Зарема Наркулова жетектеп, ар бир тайпада өтүлүүчү сабактарда окутуунун жаңы технологияларын колдонууга, дидактикалык материалдар сапаттуу билим берүүнүн негизги каражаты болушуна жетишүүгө басым жасап келет.

«Санариптик технология — жаңы маалымат алуунун булагы»

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы коомчулуктун алдына көптөгөн милдеттерди койду. Ошонун негизгилеринин бири — билим берүү тармагына окутуунун жаңы технологияларын киргизүү менен сапаттуу билим берүүгө басым жасалган. Ырас, ааламдашуу айдыңында жаңы маалымат алуунун булактарын чыңдоо, аны окуу-тарбиялоо процессинде эффективдүү колдоно билүү кесиптик даярдыктын деңгээлин аныктоонун ченемине айланды. Дегенибиз, бала бакчадан башталган кадам ааламга алып баруучу жолдун башаты эмеспи. Мындай жоопкерчиликти туура түшүнүү менен ар бир бөлмөлөрдү түстүү сыналгылар менен жабдууга жетиштик. Андан балдар мультфильмдерди, балдар үчүн атайын берүүлөрдү кызыгуу менен көрүшөт. Өзгөчө, фойедеги түстүү сыналгыдан күндө балдар, ата-энелер бакча турмушу менен таанышып турушат. Бул биздин жашообузда өзгөчө жаңылык катары кабылданды. Себеби кайсыл тайпада кандай иш-чара болуп өткөнү жалпыга маалымдалат. Ага карата ой-пикирлер, сунуштар да айтылат. Мындан сырткары, ар бир тайпа интернет булактарынан өтүлүүчү сабакка тиешелүү сүрөттөрдү тандашат. Ошол сүрөттөрдүн тизмесин түстүү сыналгы аркылуу балдарга көргөзүшөт. Мында балдардын көргөндү эске тутуусу, предметти тааный билүүсү, кабылдоосу өнүгөт.

Албетте, бакчабыз жаш. Болгону 1 жашта.

«Семинардан алган сабактар»

Жакында бакчабыздын базасында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын белгилөөнүн 3 айлыгынын алкагында райондук семинар өткөрдүк. Анда «Мекеним — менин мурасым» аттуу көркөм сабак өтүлдү. Сабактын өзгөчөлүгү — балдарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо менен анын ыйык мурастарын көз карегиндей сактоого басым жасалды. Андан соң атайын түзүлгөн семинардын иш мерчеминин негизинде балдардын чыгармачылыгы тартууланды. Жаш манасчылар «Манас» эпосунан үзүндү айтып, таланттуулар бийлешти. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толгон өнөрлүү балдардын чыгармачылыгынан соң кезек тарбиячыларга жетти. Алар Курманжан датканын образын элестүү, образдуу жана таасирдүү жаратышты. Кыргыз коомунда Курманжан даткадай кайраттуу, коомдук кырдаалды көрө билүүдөгү кыраакы, өзүнүн керт башынан да элдин мүдөөсүн жогору койгон асыл аялзаттын образы аркылуу жалпы адамзатка тиешелүү жаркын элести жаратууда тарбиячылардын даярдыгы ачыкталды. Ал эми катышуучулар тарабынан аткарылган «баланы бешикке бөлөө» салтыбыз улуттук өзгөчөлүктү тастыктады. Бул жөрөлгөнү кыргыздар өтө барктоо менен жасашкан. Айрымдар бешик той беришкен. Бул процедураларды аялдар гана аткарышкан. Баланын киндиги түшкөн соң, айылдагы аялдар топтолушуп, баланы бешикке салышкан. Андагы ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн баары балага узун өмүр тилөө менен коштолгон.

Ушул өңүттөгү иш-чаралар семинардан алынган сабактын натыйжалуулугун арттырды. Иш-чарага катышкан Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директорунун орун басары Венера Эгембердиева өз сөзүндө «Куш Канатта» элдик педагогикага негизделген иш-аракеттер арбын экенин баса белгиледи. Ырас, жалгыз карлыгач жаз чакырбайт эмеспи. Бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо бүткүл аракетин жумшаган чарба башчысы Назгүл Байтерекова, даамдуу тамак даярдаган Гүлнарина Сулайманова, усулдук ишти жогорку деңгээлге жеткирген Зарема Наркулова, тарбиячы Залина Турдугожоева жана сүрөтчүлүк өнөрү менен таанылып, бакчаны галереяга бөлөгөн тарбиячы Сымбат Сатыбалдиева жана башка кызматкерлер бакчабыздын түндүгүн көтөрүп, желегин желбиретип турушат. Бизге эң бир сонун шарт түзүп берген шаар мэриясына алкышыбызды айтабыз.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up