Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы: Кочкордогу сынактын жеңүүчүлөрү Алматыда жана Ысык-Көлдө эс алышат

Билим АКИpress - Кочкор районунда мугалимдер арасында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча сынактын финалдык туру өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынак Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмеси жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган. Анын финалдык туруна аймактык этаптардан жеңип чыккан Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын, К.Темиров, Т.Курткаев, Оро-Башы, Ак-Жар орто мектептеринин мугалимдери катышты.

Иш-чарада Оро-Башы орто мектебинин жамааты Турдакун Усубалиевдин төрөлүшүн, балалык курагын, Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин жамааты студенттик күндөрүн, болочок өмүрлүк жары Кулжаке Ниязалиевна менен таанышып, жалындаган сүйүү учурун сахналаштырып көрсөтүштү. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жамааты Т.Усубалиевдин кызматка барып, Союз учурунда борбордон Соң-Көлдү Фергана өрөөнүнө пахта сугаруучу суу сактагыч кылуу боюнча сунушка каршы чыгып, Соң-Көлдү сактап калгандыгын чагылдырып беришти. К.Темиров атындагы орто мектеби Т.Усубалиевдин кызматтан алынган учурун, Ак-Жар орто мектебинин жамааты Т.Усубалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда аткарган иштерин сахнада чагылдырып беришти.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен орундар ыйгарылып, сыйлыктар тапшырылды:

- 1-орун — Ак-Жар орто мектеби — Алматы шаарына 1 күндүк эс алууга жолдомо;

-2-орун — Н.Жүндүбаев мектеп-гимназиясы — Алматы шаарына 1 күндүк эс алууга жолдомо;

- 3-орун — Оро-Башы орто мектеби — Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алууга жолдомо;

- 4-орун — К.Темиров атындагы орто мектеби — Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алууга жолдомо;

- 5-орун — Т.Курткаев атындагы орто мектеби — 5 миң сом.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Кочкор райондук администрациясынын, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн, «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды.

«Мыкты аткаруучу» наамын Кызыл-Дөбө орто мектебинин мугалими Урмат Орозалиев менен Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин мугалими Үмүт Алиева алышты. Алар Алматы шаарына эс алууга барышат. Байгелерди ыйгарууга Кочкор коомунун өкүлдөрү демөөрчүлүк кылышкан.

Ошондой эле Кочкор районунан чыккан белгилүү ырчылар концерттик программа тартуулашты. Жыйынтыгында мугалимдер мамлекеттик ишмердин өмүр жолун, ишмердүүлүгүн чагылдыруу учурунда ал жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алышканын айтып, мындай иш-чараларды уюштурган «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмесине ыраазычылык билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up