Ак-талаалык окуучулар Нарын университетиндеги шарттарды көрүп чыгышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районундагы мектептердин 10-11-класстарынын окуучулары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде болушуп, окуу жайда түзүлгөн шарттар менен танышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуучуларды университеттин окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Эсен Саркашкаев кабыл алып, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жөнүндө маалымат берди. Андан соң окуучулар окуу жайдын илимий китепканасы, окуу аудиториялары, лаборатория бөлмөсү, студенттердин жатаканасы менен таанышып чыгып, окуу имараттарына экскурсия жасашты.

Ошондой эле студенттердин аткарган илимий иштери менен таанышып, экскурсиянын соңунда университеттин окутуучулары, илимий кызматкерлери менен жолугушуу уюштурулуп, суроо-жооптор болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up