Ат-Башынын Жаӊы-Күч айылындагы мектеп менен китепканага 1003 китеп чогулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Жаӊы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинде «Бир адамдан бир китеп» акциясы өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Маалым болгондой, мектептин мугалимдери менен окуучулары бирдикте Жаӊы-Күч айылында жөө жүрүш уюштурушуп, айыл элин китеп чогултуу акциясына тартышты. Бул саамалыкка жергиликтүү тургундар, студенттер да активдүү катышты.

Мектептин директору Артелбек кызы Мээримдин айтымында, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизги уюштуруучулары «Биздин коом» кайрымдуулук мекемесинин өкүлдөрү жана айылдын тургундары болду. Иш-чаранын ачылышына маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, райондун жетекчилери катышып, китеп тапшыруу менен өз салымдарын кошту.

Долбоордун соӊунда Казыбек айыл өтмөтүнүн башчысы Руслан Докоев келген конокторго жана акцияга активдүү катышкандарга ыраазычылыгын билдирүү менен айыл элин китеп окууга кызыктырып, жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп жетишсиздик көйгөйүн чечүү, руханий байлыгын арттыруу максатында «Эӊ алдынкы окурман» номинациясы боюнча сынак жарыялады. 1-орунду алган адамга 10 миң сом, 2-орунга 7 миң сом, жана 3-орунга 5 миң сом байге коюлду.

«Бир адамдан бир китеп» долбооруна Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Уланбек Мамбетакунов дагы салым кошкондордун арасында болгон. Долбоордун алкагында 1003 китеп чогулуп, мектептин китепканасына жана айылдык Ы.Кадыров атындагы китепканага өткөрүлүп берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up