Билим берүү министри К.Исаков Чүйдөгү мектептердин абалы менен таанышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Чүй облусунун Чүй районундагы авариялык абалдагы Т.Оңолбаев мектебинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган мектептин эки имаратында 150 окуучу билим алып келген. Бирок мектептин 1929-жылы курулган негизги имараты авариялык абалда болгондуктан, окуучулардын жарымы айылдын медициналык пунктунда даярдалган класстарда билим алууда.

Министр эл аралык фонддордун жардамы менен жаңы имарат куруу мүмкүнчүлүгү караларын белгилеп, бул боюнча тишелүү иштер жүргүзүлөрүнө токтолду.

Андан соң К.Исаков курулушу кызуу жүрүп жаткан С.Сыдыгалиев мектебинин имаратынан кабар алды. Бул мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, ушул жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилгени турат. Министр мындай типтүү окуу имараттарды өлкөдөгү окуучунун саны көп мектептерге да кошумча куруу зарылдыгы бар экенин белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up