Орто кесиптик билим берүү толук модернизацияланат, - билим берүү министри

Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1-ноябрда кесиптик орто билим берүү мекемелеринин башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр катышуучуларга Кыргызстандагы кесиптик орто билим берүү тармагын заман талабына, келечек чакырыктарына жараша реформалоо боюнча өз программасын тааныштырды. Алгач тармактагы бир катар көйгөйлөр белгиленди: кесиптик орто билим берүү советтик системада калып, эмгек рыногуна керектүү жана сапаттуу адистерди чыгара албай келет. Материалдык-техникалык базанын эскилиги жетип, мугалимдердин билимин жогорулатуу жагы жолго коюлган эмес.

К.Исаков кесиптик орто билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн 30дан ашык кадамдарды белгиледи. Анын ичинде маанилүүлөрү:

• заман талабына ылайык адистиктерди ачуу (IT, туризм, айыл чарба тармактарында);

• инфраструктураны жакшыртуу;

• эл аралык байланышты күчөтүү, инвестиция тартуу;

• заманбап менеджмент;

• электрондоштуруу аркылуу коррупциянын алдын алуу жана жетекчилерди ротациялоо;

• дуалдык, онлайн окутуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;

• бүгүнкү заманга жараша, жумуш берүүчүлөрдүн (стейкхолдерлердин) талабына ылайык адистерди даярдоо;

• компетенцияларга негизделген окуу стандарттарын, программаларын түзүү.

Жыйында Борбордук Азиядагы Америка университетинин инновациялык колледжи, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи мисал келтирилип, орто кесиптик билим берүү мекемелери жаштарды өзүнө тартып турган аурасы, күчү, дарамети болушу керектиги белгиленди.

Кыргызстанда азыр кесиптик билим берген 148 орто окуу жай бар. Алардын ичинен 114 мекеме — мамлекеттик. Учурда 98 миңден ашык студенттер орто кесиптик билим берүү жайларында билим алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up