Жумгалдагы мектепте Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата облустук конференция өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинде «Улут инсаны — Турдакун Усубалиевге 100 жыл» аталышындагы облустук конференция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Нарын облусунун райондорунан келген мугалимдер, мектеп директорлору, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Конференциянын жүрүшүндө жогорку класстын окуучулары Т.Усубалиевдин өмүр жолу жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат беришти. Окуучулар Т.Усубалиевдин өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн даңазалаган көркөм окууларды, чакан сахналаштырылган сценкаларды аткарышты. Ошондой эле мамлекеттик ишмердин эмгектери, сыйлыктары тууралуу кеңири маалыматтар айтылып, Т.Усубалиевдин бейнесин чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлдү. Конференцияга райондун акими Адыл Сапаров, облустук усулдук билим берүү борборунун директору Казыбек Мамытов катышып, конференциянын ишине өздөрүнүн пикирлерин айтышты. Иш-чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up