Баетовдогу окуучуларга тартынчаактыктан арылууну үйрөтүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы 2 орто мектептин окуучуларына тартынчаактыктан арылуу туурасында кеп-кеңештер берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 5-ноябрь күнү Бишкек шаарынан келген алып баруучу Максат Надырбеков жана «Келечек+» гезитинин негиздөөчүсү Кубанычбек Баялиев аталган айылдагы Эсенгул Карасартов жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин окуучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө алар окуучуларга ойду туура багыттоо, тартынчаактыктан арылуу жана кесипти туура тандоо боюнча кеңештерин берип, суроолорго жооп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up