Коңорчок айылындагы бала бакчанын чатыры 97 миң сомго жаңыртылып жатат (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Коңорчок айылындагы «Кубан бөбөк» бала бакчасынын имаратынын чатыры 97 миң сомго жаңыртылып жатат. Бул тууралуу бала бакча башчысы Тумар Касымбекова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, бала бакчанын имаратынын чатырын алмаштырууга райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 97 миң сомдук курулуш материалдары бөлүнүп берилген. Андан сырткары курулуш иштерин аткарып жаткан 14 адамдын эмгек акысы үчүн 29 миң сом каражат бөлүндү.

Аталган бала бакчанын имараты медициналык пункт үчүн 1965-жылы ашар жолу менен курулган.

«2009-жылы өрттөнүп кеткен мектептин ордуна Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу бала бакча курулган. Бирок бала бакча тар болуп курулуп калгандыктан имарат фельдшердик-акушердик пункт катары пайдаланууга берилип, ал эми бала бакча үчүн ФАПтын имараты берилген. Ал имарат деле кичирээк болчу. Ошондуктан ашкана жана дагы 2 бөлмө уланып курулган. Кыскасы, бөлмөлөр улана берип, эми ошол уланган жерлеринен кайра жарака кетип жатат. Үстүңкү чатырчасы эски болгондуктан, жаан-чачын учурунда тамчы тамчу», - деп айтып берди Т.Касымбекова.

«Кубан бөбөк» бала бакчасындагы 2 тайпада жалпы 40 бала тарбияланып жатса, кезекте 50дөн ашык бала турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up