Ошто мектептердин медиа бурчтар боюнча сынагынын жыйынтыгы чыкты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы мектептердин медиа бурчтар боюнча сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Курманжан датка атындагы мектеп-лицейдин мугалими Нургүл Тайыр кызы билдирди.

Мектеп турмушундагы жаңылыктарды социалдык тармактарга активдүү жарыялаган катышуучулар: Ош шаарындагы Киров мектеби, №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеби, Баткен облустук жатак мектеби ноутбук жана грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми Ош шаарындагы Олимп, Бөкөнбаев, Терешкова, Макаренко мектептери 6 ай бою акысыз интернет кызматын камсыз кылуучу роутер жана грамоталар менен сыйланышты.

Иш-чара Кыргызстан боюнча медиа сабаттуулукту колдоо борбору тарабынан уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up