Ошто орус класстагы балдарды окуткан мугалимдердин билими жогорулатылууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош билим берүү институтунда орус класстагы окуучуларды окуткан мугалимдердин билими өркүндөтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окутуу Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Ош билим берүү институту жана Кыргыз-Россия кызматташтыгынын өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. 4 багыт боюнча (орус тили жана адабияты, математика, физика, башталгыч класстардын предметтери) окуу программасы менен 80 мугалим квалификациясын жогорулатуу боюнча курстан өтүүдө.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүүдө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мугалимдери, лекторлору сабак өтүп жатышат. Окутуунун негизги максаты — облус аймактарындагы мектептердин орус класстарынын мугалимдеринин билимин өркүндөтүү жана окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

4-ноябрда башталган иш-чара 6-ноябрга чейин уланат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up