Спорт агенттигинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын белгилешти (сүрөт)

Билим АКИpress - Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын белгиледи.

1-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордонун жаштар борборунда аталган агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара уюштурулган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чарага спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев, агенттиктин борбордук аппаратынын жана спорттун түрлөрү боюнча дирекциялардын кызматкерлери катышты.

К.Аманкулов иш-чаранын катышуучулары менен амандашып, 30 жылдыкка карата куттуктады. Ал азыркы күндө мамлекет тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

«Мамлекеттик агенттик кыргыз тилин, каада-салтты сактап, өнүктүрүүгө өз салымын кошууга ар дайым даяр», - деди Аманкулов.

Н.Ишекеев акыркы жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иш-чараларга токтолуп, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кыргыз тилин билүү деңгээли ортодон жогору болууга тийиш экенин айтып өттү. Ал кыргыз элинин «Манас» эпосунда мекенчилдик даңазаланып, ата-бабаларыбыз бизге мекенибизди, элибизди, кыргыз тилибизди сактагыла деп насыят калтырганын баса белгиледи.

«Кыргызстандын желегин желбиретип, ийгилик жаратып келген мекенчил спортчуларыбыз эне тилин жерге калтырбай, сүйлөп жүрсө гана кыргыздын аты даңазаланат», - деп кошумчалады Ишекеев.

Иш-чаранын алкагында каада-салт, улуттук ыр, улуттук бий жана көркөм окуу номинациялары боюнча сынак өткөрүлдү. Мамагенттиктин борбордук аппаратынын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын курама командалары жарышып, канчалык деңгээлде эне тилде так жана мыкты сүйлөй ала турганын көрсөтүштү.

К.Аманкулов баштаган калыстар тобу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын командасын эң мыкты деп табышты. 2-орунду Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин командасы алды. 3-орунду Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын командасы ээлесе, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын командасы 4-орунга чыгышты.

Сынактын байге фонду 50 миң сомду түзүп, 1-орунду ээлеген командага 20 миң сом, экинчи орунга 15 миң сом, 3-орунга 10 миң сом, 4-орунга 5 миң сом берилди.

Калыстар тобунун курамы:

- Мамагенттиктин директору Канат Аманкулов — калыстар тобунун төрагасы;

- Каныбек Осмоналиев – калыстар тобунун мүчөсү;

- Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кыргыз тили бөлүмүнүн илимий кызматкери Тунук Курманалиева – калыстар тобунун мүчөсү;

- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сезим Толукбаева – калыстар тобунун мүчөсү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up