Бишкекте мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышы талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Борбордук Азиядагы Америка университетинде 5-ноябрда Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Жогорку окуу жайларда улуттук программанын аткарылышы» аталышындагы жыйын өттү. Бул тууралуу улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, кыргыз тил кафедраларынын башчылары, окутуучулар, башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдери катышты.

Жыйынды Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев ачып, Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди. Андан соң катышуучуларга да сөз берилип, улуттук программанын жаңы долбоору боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Жыйындын соңунда филология илимдеринин доктору, профессор Уулкан Камбаралиеванын «Когнитивдик тил илими» китебинин бет ачары болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up