«Окумуштуу болуу — сыймык», - билим берүү министри К.Исаковдун Илим күнүнө карата куттуктоосу

Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 10-ноябрда окумуштууларды Илим күнү менен куттуктады.

«Урматтуу окумуштуулар, кымбаттуу кесиптештер!

Илим изилдөө тармагында изденип иштеп жаткан илимпоздордун баарын Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Бүгүн биз адамзаттын келечегин илимдин жетишкендиктерисиз элестете албайбыз. Илимий табылгалар экономикалык өсүштү жана социалдык камкорчулукту камсыздаган алдыңкы технологиялардын өзөгүн түзөт. Илим — улуттук байлык жана негизги мамлекеттик ресурс. Албетте, ар бир илимий жетишкендиктин артында эбегейсиз эмгек, кажыбаган кайрат жатат. Сиздердин тынымсыз аракетиңиздердин жыйынтыгы менен кыргыз илими кыйынчылыктарга карабастан алдыга умтулуп келүүдө.

Дүйнөлүк тенденциялардан четте турбаган кыргыз илиминин потенциалы бийик. Биздин улуу устаттарыбыз калтырып кеткен илимий мурастарды, салттарды андан ары улантуу милдетибиз болуп саналат. Бул үчүн мамлекет менен жеке бизнес секторунун кызыкчылыктарын айкалыштырган демилгелер жана механизмдер зарыл болууда.

Илимий-изилдөөлөрдү бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн 2020-жылдан тартып министрликтин алдында илим багытында кызмат көрсөткөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары «мамлекеттик заказ (буюртма)» механизмин ишке киргизүү милдети турат. Илимий изилдөөлөрдү мамлекеттин эсебинен каржылоодо фундаменталдык изилдөөлөрдү колдоо менен катар эле колдонмо илимдерди кубаттоо бүгүнкү күндүн талабы экенин айтмакчымын.

Белгилүү болгондой, мамлекет өзүнүн аймактары менен гана күчтүү боло алат. Биз демилгелей турган кийинки кадам — аймактардагы мамлекеттик университеттерде илимий ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу борборго бардык изилдөөлөрдү топтоо практикасынан арылууга аракет жасайбыз. Илимдин кубатын максималдуу түрдө пайдалануу аркылуу өлкөнүн ар бир аймагынын коомдук-экономикалык өнүгүүсүн тиешелүү деңгээлге жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бул аракет аркылуу аймактык маанидеги көйгөйлөрдү чечүүдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкчылыктарынын биригишине өбөлгө түзүлөт.

Мамлекет тарабынан илимге бөлүнүп берилүүчү каражаттын акырындык менен көбөйүшүнө жетишип жана аны менен бирге эле илимий изилдөөлөргө жеке менчик сектордон болгон суроо-талаптын үлүшүн көбөйтүү үчүн рынок механизмдерин ишке киргизүүбүз зарыл.

Кыргыз Республикасынын президентинин өлкөбүздү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгын иш жүзүнө ашырууну камсыздоо үчүн мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон илимий-изилдөө мекемелерин жана жогорку окуу жайларды колдоо боюнча министрликтин демилгеси өкмөт тарабынан колдоого алынып жатат.

Учурда илимге жаштардын келип жатышы жана алардын илимий-изилдөө иштерине чын ыкластарынан берилүү менен мамиле жасап жаткандыктары жагымдуу көрүнүш. Жаштардын, жаңы демдин келиши менен илимий-изилдөө базасынын бекемделиши күтүлөт, өлкөнүн технологиялык потенциалы өсөт, улуттук инновациялык эффективдүү система калыптанат.

Илим жолу оор жана түйшүктүү, көпчүлүк учурда адамдын ишке чын жүрөктөн берилүүсү гана максаттарга жетүүгө жетелейт, жаңы ачылыштарды жасоо үчүн алдыга сүрөйт.

Окумуштуу болуу — сыймык. Коомдо дайыма илим чөйрөсүндөгү адамдарга өзгөчө сый менен мамиле жасалып, алардын талантына, күчтүү мүнөздөрүнө жана иш жөндөмдүүлүктөрүнө суктанып келишкен.

Урматтуу илимпоздор! Бул салтанаттуу майрам күндөрү сиздерге сабырдуулук, илимге жасаган мамилеңиздер, билимге деген түгөнгүс умтулууңуздар, илимге деген ишенимиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдиремин!

Ак дилимден сиздерге бекем ден соолук, жаратмандык ишмердүүлүгүңүздөргө албан ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалаймын!»

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up