Нарында Турдакун Усубалиевдин эмгеги эскерилди (сүрөт)

Билим АКИpress - М.Рыскулов атындагы Нарын академиялык музыкалык драма театрында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган «Тарыхты өзгөрткөн тарыхый инсан» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Конференциянын ишин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияев алып барды.

Иш-чарада академик Абдыганы Эркебаев, профессорлор Осмонакун Ибраимов, Абылабек Асанканов, Каныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, тарых илиминин кандидаттары Адылбек Каниметов, Жамыйкат Өмүрова, Борбор Азия университетинин тарых боюнча улук окутуучусу Ребекка Рамсай баяндама жасашты. Баяндамалардын чордонунда Турдакун Усубалиевдин Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн жасаган кызматы, өтөгөн эмгеги толкундануу менен эскерилди.

Аталган иш-чаранын негизги уюштуруучулары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up