Билим берүү министри К.Исаков чек ара аймактарындагы мектептердин ийгиликтерин көрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-9-ноябрь күндөрү иш сапары менен чек ара аймактарында жайгашкан мектептерден кабар алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министр Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү «Максат» орто мектебине, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 эксперименталдык гимназияга, Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулушу жүрүп жаткан Ж.Момунов орто мектебине, Баткен шаарындагы мектеп-гимназияга, Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж.Байжигитов атындагы орто мектебине барды.

Сапардын жүрүшүндө К.Исаков чек арага жакын аймактагы мектептердин окуу-тарбия иштери, билим берүү инфраструктурасы менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин угуп, суроолорго жооп берди.

Чек арадагы «Максат» орто мектебинде жаңжалдан кийин абал турукташып, кадимки иштиктүү атмосфера уланып жатканын көрдү.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, новатор, чыгармачыл мугалим Гапыр Мадаминовдун эксперименталдык лицейинде жыл сайын бүтүрүүчүлөр ЖРТдан эң жогорку упайларды топтошот. Өткөн жылдагы 26 бүтүрүүчүнүн ЖРТдан алган орточо упайы 187ни түзгөн. 10дон ашуун окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышкан. Министр эс алуу күндөрү да окуучулар олимпиадага даярданып жатканын көрдү. Жыл сайын бул лицейдин бүтүрүүчүлөрү республикалык олимпиадаларда эң алдыңкы орундарды алышат. «Энелер мектеби» демилгеси да ушул мектептен башталып, республикага жайылтылып жатат.

Ал эми «Баткен» гимназиясы да мыкты билим берген, алдыңкы мектептердин бири. Бул мектептин окуучуларынын көрсөткүчтөрү да бир топ жогору. Министр окуучулардын жашоо шарты, билим алуусу, тамактануусу, коопсуздугу боюнча кеңири маалымат алды.

Исаков Самаркандек айылындагы Ж.Момунов мектеби чек ара тилкесинин жанында жайгашып, эски мектеби жараксыз абалга келгендиктен, жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп жаткандыгын көрүп, курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж.Байжигитов орто мектеби авариялык абалда экендигин көрүп, бул мектепти куруу боюнча иш-аракеттер жүрө тургандыгын айтты.

Министр мектептердин абалы менен жеринде таанышып, айыл мугалимдери менен кеңири пикир алышып, алардын сунуштарын угуп, билим берүүдөгү ийгиликтерине жана демилгелерине күбө болуп, мугалимдерге дем-күч берип, окуучуларга окуу процессине колдонуу үчүн техникаларды, окуу жана адабий китептерди белекке берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up