Түркмөнстандагы эл аралык китеп көргөзмөсүндө академик А.Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматов» китеби 2-орунду алды

Билим АКИpress - Түркмөнстанда XIII эл аралык китеп көргөзмөсү өткөрүлүп, ага 60тан ашуун мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде кыргыз авторлору, басмалары катышты. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандан барган полиграфисттер байгелүү орундарды камсыздап, дипломдор менен сыйланышты. Көргөзмөгө коюлган академик Абдылдажан Акматалиевдин «Чыңгыз Айтматов» аталышындагы орус тилиндеги китеби (Б.: ЧП “Абыкеев А.Э.” 2018, 792 бет) миңдеген китептердин арасынан 2-орунга ээ болду. Ал эми 1-орун Түркмөнстан президентинин фотоальбом түрүндөгү эмгегине ыйгарылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up