№47 кесиптик лицейдин Кара-Жыгач айылындагы жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 11-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курула турган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги тарабынан ишке ашырылууда.

120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча 3 жылдык билим берилет. Студенттер 3 маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле тиешелүү окуу шарттары түзүлөт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышты. Ал билим берүү тармагына кошулган салым – өлкөнүн келечегине карата жасалган инвестиция экенин белгиледи.

«Жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсалуу салып жатканыма абдан кубанычтамын. Буйруса, бул имарат пайдаланууга берилсе IT-технология тармагы боюнча көптөгөн адистердин билим алып чыгуусуна шарт түзүлөт. Айрыкча, долбоордун Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында башталгандыгы жакшы жышаан. Биздин турмушубуз заманбап технологиялар менен тыгыз байланышта экенин эске алганда да, аталган тармак боюнча адистердин арбын болушу өтө маанилүү. Андыктан, ушул имараттан билим алган адистер өлкөнүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылат деген ишеничтемин. Муну менен катар ушундай эле окуу мекемелерин өлкөнүн бардык облустарына ачуу мерчемделип жатканын белгилеп кетким келет», - деди Жумабеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up