Нарындагы М.Байдөлөтов мектебинин директору болуп Миргүл Асылбекова дайындалды

Миргүл Асылбекова
Миргүл Асылбекова

Билим АКИpress - Нарын районунун Муса Байдөлөтов атындагы орто мектебинин директору болуп Асылбекова Миргүл Сатыгуловна дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

М.Асылбекова 1981-жылы Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылында төрөлгөн. М.Байдөлөтов атындагы орто мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктагандан кийин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен математика адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун 2004-жылы М.Байдөлөтов атындагы мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Буга чейин аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген. Мектептин мурунку директору өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

М.Асылбекова үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up