Нарындын жаштары тазалык акциясын өткөрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын демилгелүү жаштары тазалык акциясын өткөрүп, алма бакты таштандылардан арылтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Демилгечилер Салкынай Эмилбекова жана Нурайым Нургазиева Нарын шаарынын В.Чкалов атындагы орто мектебин аяктап, 2018-2019-окуу жылында АКШнын «ФЛЕКС» программасы менен бир жыл Америкада окуп келишкен. Алар өздөрүнүн тажрыйбасын жаштар арасында бөлүшүү максатында «Лидер бол, жашоону өзгөрт» темасында долбоор жазышкан. Бул долбоор АКШ департаменти тарабынан колдоо таап, грантка ээ болгон.

Долбоордун алкагында Нарын шаарынын 8-11-класстарынын окуучулары үчүн лидерлик сапаттарды өстүрүү жана шыктандыруу максатында семинар өткөрүлдү. Анда Бишкек шаарындагы жаштар уюмдарынын спикерлери келип, тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле семинардын аягында жаштар өздөрүнүн аракети менен кийинки жылдын февраль айына чейин ишке ашыра турган 5 социалдык долбоорду презентациялашты. Тазалык акциясы ошол долбоорлордун бири болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up