Каражат бөлүнбөгөндүктөн, Ак-Талдагы бөбөктөр бала бакчага жетпей келет (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасы жеке менчик турак жайга жылына 40 миң сом ижара акысын төлөп берип, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулганына 58 жылдын жүзү болгон бала бакча имаратынын абалы начарлап, дубалынан жарака кетип, шыптары түшүп калган. 2016-жылы 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан имарата пайдаланууга жараксыз деп табылган. Анын негизинде 20-февраль күнү тарбиялануучулар имараттан чыгарылган.

Учурда айылдагы жашоочулардын биринин үйүн жылына 40 миң сомго ижарага алып, бала бакча катары пайдаланышууда.

«Мурунку имарат 1960-жылы айылдын конторасы катары салынган. Кийин ал бала бакчага айланган. Союз тарап кеткен соң бул имарат ар кандай иштер үчүн колдонулуп келген. 2009-жылы кайрадан бала бакча болуп ачылып, ишке берилген. Ал имарат жараксыз болуп, бирөөнүн менчик турак жайында иш жүргүзүп келгенбиз. Быйыл үйдүн ээси үйдү бошоткула деп жатат. Аны бошотуп беришибиз керек. Бошотуп берген күндөн баштап биз балдарды каякта тарбиялай турганыбызды билбейбиз. Айылда башка имарат жок. Бул маселе боюнча 2 жылдан бери бийликтегилерге айтып, кайрылып келе жатабыз, бирок тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат», - дешет тарбиячылар.

Ал эми бала бакча үчүн жаңы имарат курууга бир кыйла аракеттер көрүлүп, бирок каражат маселеси кармалып турганын айыл өкмөт башчысы билдирди.

«Жаңы 90 орундуу бала бакча курууга аракеттерди жасадык. Имарат курууга жер бөлдүк. Курулуштун долбоорлук документтерин даярдап, тиешелүү жактарга өткөрдүк. Кыскасы, бардыгы даяр. Болгону каражат маселесине гана такалып турат. Каражат бөлүнүп берилсе жакшы болмок. Бирөөнүн жеке турак жайына жылына 40 миң сом ижара акысын төлөп, пайдаланып жатабыз. Бирок анын ээси жылына оңдоп-түздөөдөн өткөрүп берип турат», - деди айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров.

Учурда бала бакчада 46 бала тарбияланып жатса, кезекте дагы 50дөн ашык бала турат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up