Үгүттөгү мектептин айланасында жайы-кышы соолубаган гүлдөр пайда болууда (сүрөт)
Билим АКИpress - Нарын облусунун Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинин эмгек жамааты мектептин алдына жайы-кышы соолубаган гүлдөрдү өстүрүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган орто мектептин мугалимдери окуучуларга билим берүү менен бирге айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп, тазалык иштерине да өз салымдарын кошуп келишет.
Мектептин эмгек жамааты бош желим бөтөлкөлөрдү таштандыга таштабай, чыгармачылык менен желим бөтөлкөлөрдөн ар түрдүү гүлдөрдү жасап коюшууда. Бул өзгөчө гүлдөрдүн артыкчылыгы — жайы-кышы соолубастан жана куурабастан, мектеп алдын кооздукка бөлөп турат.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×