Мектептерге интернет киргизилди, бирок компьютер жок, - депутат

Алмазбек Эргешов
Алмазбек Эргешов

Билим АКИpress - 2018-жылы мектептерге канча компьютер берилген, 2019-жылы канча берилет? Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов сурады.

«90%дан ашык мектепке интернет киргизилди деп жатабыз, бирок мектептерде компьютер жок. Компьютер жок болгондон кийин интернеттин эмне кереги бар?», - деди ал.

Билим берүү министри Каныбек Исаков азыр анда так маалымат жок экендигин айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди н айтымында, тоолуу аймактарда жайгашкан мектептер гана интернетке туташтырыла элек.

«Азыркы учурда 2 миң 265 мектептин ичинен 35 мектеп калды. Компьютер боюнча айтсам, улам технология өзгөрүп, кечээ алган компьютер кайра эскирип жатат. Ошондуктан биз адистер менен мектептерде кандай компьютер болуш керектиги тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Азыр ошол боюнча иштеп жатабыз», - деди Абылгазиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up