Декабрдан баштап окуучулар арасында альтернативалык олимпиада өткөрүлө баштайт

Билим АКИpress - Декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлиги онлайн режимде мектеп окуучуларынын альтернативалык олимпиадасын өткөрөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-ноябрь күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Н.Жусупбекованын айтымында, олимпиаданын максаты — билим берүүнүн сапатын көтөрүү менен бирге таланттуу балдарды табуу.

Аьлтернативалык олимпиада математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өткөрүлөт. Буга чейин болуп келген кадимки олимпиада өз ордунда калат, ага кошо альтернативалык олимпиаданын тандоо туру онлайн форматта өтүп баштайт. Окуучулар үйдөн же мектептен олимпиаданын тапшырмаларын интернет аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал үчүн сайтка катталып, тапшырмаларды ишке ашырып, кийинки турларга өтүшөт. Ар бир тур үчүн тапшырмалардын деңгээлдери жогорулап, татаалданат.

Ошондой эле окуучулар мурда бир эле предметтен олимпиадага катыша алса, эми бир нече предметтерди тандап, тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бериле турган тапшырмалар эл аралык методикага жана талаптарга ылайык түзүлгөн. Тандоо туру онлайн жана кадимки режимде окуу жылы ичинде жүргүзүлөт.

- I-II этаптары – 2019-жылы декабрь айы – 2020-жылы январь айында онлайн-режимде;
- III, IV, V этаптары – 2020-жылы февраль-апрель айларында офлайн-режимде болуп өтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up