Депутат окуу китептеринин ордуна планшетке өтүүнү сунуштады

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Билим АКИpress - Депутат Абдывахап Нурбаев (КСДП) билим берүү министрине окуу китептеринен планшетке өтүүнү сунуштады. Ал мындай оюн 14-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Биз качан планшетке өтөбүз? Китептердин мазмуну 5 жылда өзгөрөт экен. Китепке деп грант, кредит алып жатабыз. Ошондон көрө планшетке өтсөк жеңил болмок да», - деди ал.

Билим берүү министри Каныбек Исаков бул маселе боюнча иштер аткарыларын айтты. «Азыр донорлорго кайрылып, атайын долбоор менен иштейли деген оюбуз бар. Планшетке бардык окуу китептерин киргизип, балдарга медиа жагынан колдоо көрсөтөлү деп жатабыз», - деди ал.

А.Нурбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды: «Бул маселени 2020-жылдын бюджетини киргизсе болобу? Кийин мунун эффекти көп болот».

«2018-жылдын бюджетин талкуулап жатканда айттым, Еврокомиссия менен иштеп жатабыз. Алар мектептердеги компьютер маселесин чечип беребиз деп жатышат. Ал жерге ушул планшеттер да кирген», - деди Абылгазиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up