Токмоктогу окуучулар күзгү эс алуу учурунда тарыхый жайлар менен таанышты

Билим АКИpress - Токмок шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата окуучуларды тарыхый жайлар менен тааныштырышты. Бул тууралу аймактык кабарчыга шаардык мэриядан билдиришти.

«Күзгү эс алуу учурунда окуучуларды тарыхый жайларга алып барып, аларга ата-бабаларыбыздын эрдиктери жөнүндө айтып бердик. Окуучулар Токмок шаарындагы тарыхый аймак таануу музейине, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик тарых музейине, «Бурана» мунарасына, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты. Ошондой эле ар бир мектепте Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата ачык сааттар, линейкалар өткөрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up