КМУда программаларды аккредитациядан өткөрүү маселеси каралды
Билим АКИpress - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин директору Эрик Эсентаев менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууга факультеттердин декандары, алардын орун басарлары, кафедра жетекчилери катышты. Анда университеттин 26 программасын аккредитациядан өткөрүү боюнча маселеси каралды.
Иш-чарага ошондой эле университеттин окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев, окуу башкармалынын башчысы Октябрь Капалбаев жана окуу инспекциялык бөлүмдүн жетекчиси Кенже Кыдыкбаева катышты.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×