Токмоктун студенттери жергиликтүү бийликтин иши менен таанышты

Билим АКИpress - Токмок шаардык мэриясында студенттерге «Конституциялык укук» темасында сабак өтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында студенттер шаардык кеӊештин депутаттары менен таанышты.

Демилгечилердин бири Нурзат Алымкулованын айтымында, сабактын максаты — болочоктогу юристтер менен мамлекеттик кызматкерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен тааныштыруу болуп саналат.

Шаардык кеңеш — жергиликтүү бийликтин эң негизги органдарынын бири. Шаардык кеӊештин депутаттары Ючуп Ваншу жана Тахир Казакбаев студенттерге өздөрүнүн жумушу тууралуу, шаардык кеӊеш тарабынан кандай маселелер чечилип, кандай иштер аткарыларын айтып беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up